Академик А.М.Мамытов атындагы Кыргыз топурак таануучуларынын коому түзүлдү
2014-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономиялык факультетинде Кыргыз топурак таануучуларынын коомун түзүү боюнча жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка катышкан илимпоздор коомдун түзүлүшү учурдун талабы экенин баса белгилешти. Ал коомго СССРдин айыл чарба илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын туңгуч топурак таануучусу Аман Мамытович Мамытовдун наамы берилди. (далее…)







