Нарынан арыз
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий Эркин-Тоо гезитине
Арыз
Биз Нарын облусундагы жаратылыш коргоо жана токой чарбасы мекемелеринини атынан Сиздерге арыз жөнөтүүбүздүн башкы максаты, жаратылыш коргоо мекемелеринин айлык акысына, жашоо шартына, социалдык абалына эч кандай Өкмөттөн, жогорку жактардан көңүл бурулбай келгендиги жөнүндө болмокчу.
Нарын облусу боюнча 9 жаратылыш коргоо мекемеси бар. Айлык акы абдан төмөн. Мисалга алсак, егердин айлыгы 1 532 сом, ветврачтыкы 856 сом, питомниктин жумушчусунуку 1 366 сом, илимий кызматкердики 1 704 сом ж. б. ушул сыяктуу болуп кетет. Акыркы жолу эстесек, 2007-жылы 20 % ке көтөрүлгөн, ошол бойдон бизди ойлогон эч ким жок сыяктуу. Башка тармактардыкы бир эмес, бир нече жолу көтөрүлдү же сөссүз эле пикет уюштуруп иш таштоо кылуу керекпи. Бизде андай ойлор жок. (далее…)






