Баткен шаардык Мэриясы КЭУларды коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) ишке ашыруу боюнча конкурс
Урматтуу коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) өкүлдөрү,
Баткен шаардык Мэриясы КЭУларды коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырууга жарыяланган конкурска катышууга чакырат. Бул заказ артыкчылыктуу көйгөйдү чечүүгө – Баткен шаарындагы көчөлөрдүн тазалыгы үчүн күрөшүүгө багытталган. КЭУ-аткаруучуну тандап алуу боюнча конкурска катышууга өтүнмөлөр 2018-жылдын 13-июнь күнү, түшкү саат 12-00гө чейин кабыл алынат. КПДны ишке ашырууга конкурска катышууга тиешелүү суроолор боюнча Баткен шаардык Мэриясынын өкүлдөрү менен байланыша аласыз. Тел. номуру: (0770) 28 03 56 же электрондук дарекке кат жазыңыз: meria-batken@mail.ru. (далее…)






