Мергенчилер мындан ары курал колдоноордон мурун экзамен тапшырышат
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү жөнүндөгү” Өкмөт башчынын үстүбүздөгү жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык, мамлекеттик ырастамасы жок мергенчилер өз алдынча аңчылык жасай алышпайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдужалил Исмаилов Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, аталган токтом боюнча облус аймагында керектүү адамдарга түшүндүрмө берип бүтүштү. Айрым мергенчилер бул токтомдун чыгышына өздөрүнүн нааразы пикирлерин да билдиришкен. Мергенчилик билет менен мергенчилик ырастаманы аралаштырбаш керек. Бул экөө эки башка документ. КР мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү эрежеси боюнча атайын Жобо кабыл алынган. (далее…)







