АНДРЕЙДИН КYНӨСТYY YЙY жана КЕРЕМЕТ ЧАРБАСЫ
Бишкек шаарынын тургуну Андрей Кияшко адаттын тыш чечим кабыл алды. Эл негизинен борбор шаар Бишкекке агылса, Андрей, тескерисинче, айылга, тагыраагы, Ысык-Көл районунун Григорьевка айылына көчүп кетти. Бишкектеги ийгиликтүү бизнесин толук жаап таштады.
Эгер Андрей Григорьевкада элден башкача үй салбаганда, анан да элден башкача чарба жүргүзбөгөндө, балким анын Бишкектен Көлгө көчүп кеткени унутулуп деле калмак. Анда кеп оболу Андрейдин күнөстүү үйү тууралуу болмокчу. Сөз башында Андрей азыркы жашап жаткан чарбасын толук 2 жыл таштандылардан тазалагандыгын айта кетели.
Андрей Григорьевкадан колхоз убагында силикаттан салынган барак тибиндеги үйдү сатып алды. Башка адам болгондо, эски үйдүн кемчиликтерине кейип-кепчип жашай бермек. Бирок, Андрей кадимки барак үйдү азыр көпчүлүктү таң калтырган, кышта от жагылбаган жылуу үйгө айландырды. (далее…)







