Долбоордун туруктуулугу башкы максат

2002 жылы «Эко-Здоровье» коомдук уюму «Тянь-Шань маралын кайра калыбына келтируу жана кобойтуу» долбоорун ишке ашырып, Нарын мамлекеттик коругуна караштуу буфердик аймактын «Ийри-Суу» участогунда 50 гектар аянтка питомниктин коругун курганы жалпы элге маалым. Питомник талапка ылайык бийиктиги 2 метр зым торлор темир туркукторго орнотулуп, маралдардын жайыты, сууга жакындыгы, ысык-суукта коргонуучу токойлору менен эске алынып курулган.

Долбоорду жалпы ишке ашырууда, питомниктин курулушун оз убагында буткоруудо Нарын мамлекеттик коругунун ошол учурдагы директору Рахат Токталиев адис катары коп жардамдарды бергенин озгочо белгилеп кетмекчимин. Ал курулуп жаткан питомниктин келечегин тушуно билген жана ага ишенген, коптогон уюштуруучулук иштерди аткарган.

Курулуш журуп жаткан учурларда калктын арасында ишенбоочулукту, ич тардыкты жана жакшы ишти коро албоочулукту корсоткондор да болбой койгон эмес. Бирок, калктын арасында жургузулгон тушундуруу иштери, алардын озулорунун курулуш журуп жаткан жерлерге келип кетуусу бара- бара жогорудагыдай туура эмес тушунукторду четке каккан.

Марал питомнигинин келечегин эске алуу менен «Эко-Здоровье» коомдук бирикмеси «Ийри-Суу» участогунда жашаган уй булоолордун бирикмесин тузгон жана аны юридикалык каттодон откоргон. Ошол эле мезгилде экотуризмди онуктуруу максатында «Ийру-Суу аймагында экотуризмди уюштуруу жана аны онуктуруу» долбоорун иштеп чыккан жана ал Великобритания мамлекетиндеги «Фауна жана Флора Интернешнл» уюму тарабынан колдоого алынган.

Долбоордун алкагында «Ийрй-Суу» уй-булоолук бирикмесине туристер учун жууркан-тошоктор, одеалолор, шейшептер, жаздыктар, жуз аарчыгычтар, газ плитасы баллондору менен, казан-аяктар, чыны-чайнектер, тамактанууга столдор ж.б. керектуу буюм тайымдар алынып берилген.

Стандарттуу даараткана орнотулган. Ийри-Суу суусунун жаз мезгилинде келуучу ташкынынан сактоо максатында атайын «Суунун жээгиндеги токойлорду калыбына келтируу» долбоору иштелип чыккан жана ал Глобалдык Экологиялык Фондунун Кичи Гранттар Программасы тарабынан колдоого алынып, 1000 туп Туркестан талынын, 500дон туп ак жана боз теректердин жана 350 туп кара карагаттын кочоттору отургузулган. Суунун ташкынынан коргоо учун атайын дамба курулган. Натыйжада экотуризм учун толук шарттар тузулгон.

«Эко-Здоровье» коомдук бирикмесинин бул аймактагы максаты – жергиликтуу жамааттардын турмуш акыбалын которуу менен , эн кооз жаныбарлардын бири жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебинде катталган Тянь-Шань маралын жана башка жоголуп бара жаткан жаныбарларды, осумдукторду коргоо, аларды калыбына келтируу жана кобойтуу болуп эсептелет. Жашоонун денгээли канчалык жогору болсо, адамдардын ан сезими дагы ошончолук денгээлде болоорун турмуш корсотуп жатпайбы.

Эгерде экотуризмди туура уюштура билсек туристтерди бул аймакка тартууга коп мумкунчулуктор бар. Анын биринчиси – бул ошол жерде жашап иштеген «Ийри-Суу» уй-булоолук бирикмесинин мучолоруно туристтерди кабыл алууда эркиндикти беруу, башкача айтканда питомниктеги маралдарды корууго коюлган толомдордон башкасын, ошол туристтерди тейлеген уй-булоого калтыруу. Ал эми бул маселе азыр кандай акыбалда туруп жатат?

Азыркы учурда туристтерден тушкон акча бут бойдон эле Нарын мамлекеттик коругуна кетип, туристтерди тейлеген уй-булоолорго эч нерсе толонбой, алардын укугу тебеленип жатат. Ошол эле учурда туристтердин коп келуусуно, алардын жакшы денгээлде тейленишине уй-булоолук бирикменин мучолорундо эч кандай кызыкчылык жок. Базар мамилесинин учурунда бул табигый иш. Нарын мамлекеттик коругунун мындай мамилеси келечекте ошол адамдарды бул жерге кармап калууда коп тоскоолдуктарды алып келээри айдан ачык иш.

Экинчиден, питомникке бара турган жолдун, айрыкча Таш-Башат айылынан баштап питомнике чейинки жолдун татаалдыгы туристтерди тартууда чон тоскоол болуп жаткандыгында. Эгерде Эл аралык донорлор жолду ондоону колдосо эчак эле аракет жасамак элек. Тилекке каршы бир дагы Эл аралык уюм, донорлор жолду ондоону колдобойт, ал мамлекеттин милдети деп кесе эле айтышат. Андыктан, Нарын облустук, райондук мамлекеттик администрациялары, Нарын облустук ПЛУАД башкармасы, Таш-Башат айыл окмоту жана Нарын мамлекеттик коругу биргелешип, жолду ондоону колго алуулары керек. Канткен кундо дагы бул питомник Нарын облусунун жузу, сырттан келуучу конокторго бирден бир корсото турган табигый жай.

Учунчудон, Нарын мамлекеттик коругунун жетекчилигинин корукка тиешелуу жумуштарын талапка ылайык жургузо албай жаткандыгында болуп жатат.Эн негизгиси корукка жакын жайгашкан айыл-кыштактардын калкы менен жаратылыштын байлыктарын коргоо жана сактоо боюнча алдын алуу жумуштары устуртодон болуп жаткандыгы окундурот. Коруктун кызматкерлери браконьерлерчилик менен курошууну унутуп коюшкандай, тескерисинче алар менен аралашып кетишкен деген создорду калк арасынан коп угасын. Ошол эле убакытта коруктун кызматкерлери курулган питомниктин сакталышына, убагында ремонт иштерин жургузуп турууну колго албай келишет. Натыйжада корулган питомниктин ичине карышкырдын кирип маралдардан жеп кеткен фактылары бар. Питомник курула баштаган мезгилден тартып бугунку кунго чейин жонокой эле эсеп боюнча маралдардын саны 27 ге жетиш керек болсо, азыр болгону — баш марал питомникте багылып жатат. Маралдардын кобойбой жатышы дагы туристтердин коп тартылбай жатканына себеп.

Мындан сырткары коруктун кызматкерлери жергиликтуу калк менен мамилелерди тузуп, алардын кол онорчулуктон жаралган буюм-тайымдарын четтен келгендерге сатууну уюштурууну колго алса, алардын дагы жашоо денгээлин которгонго жардам болот эле. Кыскача айтканда, туристтерди тартууда коп мумкунчулукторду издеп тапса болот, ал учун ишке чыгармачылык мамиле жасоо жана изденуу керек.

Мурунку замандарда Тянь-Шань маралы Кыргызстандын бардык аймактарында болгонун окумуштуулар жана калктын мурунку муундары айтып келишет. Андыктан, долбоордун бирден бир максаты дагы маралдарды питомникте кобойтуу менен республиканын башка аймактарына жайылтуу болгон. Советтик доордо маралдардын турактарын вертолет менен кыдырып дунунон эсептеп, болжолдуу санын чыгарып туруучу, азыр андай мумкунчулуктор жок.
Ошондуктан бугунку куну Нарын мамлекеттик коругунда канча санда маралдар бар, аны эч ким аныктап айта албайт. Бул маселе ушул тармакты тейлеген республикалык органды ойлонтуусу керек, себеби ар бир иштин жыйынтыгы болушу абзел. Ал эми Нарын мамлекеттик коругунун жургузгон иш аракеттерин эмне менен ченеп, кандай жыйынтык чыгарууга болот. Биздин оюубуз боюнча коруктун берген отчетторуна макул деп (олсо да макул, жеп кетсе макул) отура бергенде болбойт.

Туура, мамлекеттик корукка ага жакын жайгашкан элдуу айыл-кыштактардан кызматчыларды тартуу керек. Бирок, ошол аймакта жан жаныбарларга, тяньшань карагайына жана башка осумдукторго кимдер басымды коп жасашат? Албетте ошол эле айылдардын калкы. «Карга карганын козун чукубайт» дегендей ошол эле коруктун кызматчылары «бир тууган элдин» кадырын кыйбай, оздору жардамдаш эмес деп ким кепил боло алат.Андыктан кызматкерлерди тартууда журогу таза, жаратылышты жанындай суйо билген, билидуу элдин патриотун тандоо талапка ылайык. Тилекке каршы, коруктун кызматкерлерин сапаттык жактан талдап келгенде, жакшы ынанымды сезе албайсын.

Жогорудагы кыскача ой жугуртуулор бекеринен чыккан жок. 2001 жылдан бери долбоорду пландаштырууда, аны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда Нарын мамлекеттик коругунун кызматкерлери менен чогуу болуп, жакшысын да, жаманын да жолуктурууга туура келген. Жакшы башталган иштин аягы жакшы уланып, келечектеги муундарга салымдуу белектерди калтырып кетсек, ал учун коруктун, анын ичинде питомниктин туруктуулугун бардык жактан камсыз кылсак деген тилек.

«Эко-Здоровье»
Коомдук бирикмесинин торагасы
Кыргыз Республикасына эмгек синирген врач
Абдыбек Сатаров.

Вам может также понравиться...