Карасуу районунун Сарай айылындагы эскирген пестициддер жана алардын проблемалары.

11 апрель куну Карасуу районунун Сарай айылындагы Маматов атындагы орто мектепте, «Биос» коомдук уюму тарабынан уюштурулган, «Карасуу районунун Сарай айылындагы эскирген пестициддер жана алардын проблемалары» деген темада семинар болуп отту. Семинарга жергиликтуу дыйкандар, мугалимдер, айыл аксакалдары, жеке ишкерлер жана айыл окмоттун окулдору катышты. Семинардын максаты жана милдеттери жонундо долбоордун региондогу координатору Курсан Аттокуров айтып берди. «Биос» коомдук фондунун жетекчиси Таджимат Эркебаев, эскирген пестициддердин адам баласына жана айлана чойрого тийгизген таасири жонундо баяндады. Ошондой эле семинадрын журушундо Сарай айылындагы эскирген пестициддер жонундо «Биос» коомдук уюмунун мучосу Сагын Усенбаев айтты. Жыйынтыгында 30 семинардын катышуучусу Сарай айыл окмотуно караштуу Эркин айылындагы жер семирткичтер сакталуучу складдардагы эскирген пестициддерди жок кылууну колдошту. Азыркы мезгилде жакынкы айыл окмоттордогу эскирген пестициддерди да чогултуп, тез аранын ичинде жок кылуу деген чечим кабыл алынды.

Вам может также понравиться...