Кытайлык компаниялар «Кыргызнефтигаз» ААКу ишканасы менен тыгыз иштешип жатышат

Кытайдын «Янь» компаниясы 2009-жылдан ишти баштагандан бүгүнкү күнгө чейин булар 24 миң 930 тонна нефти өндүрүшкөн. Бул компаниянын иши реалдуу түрдө жакшы кетип жатат. Бул туурасында «Кыргызнефтигаз» ААКу ишканасынын сырттан башкаруучусу Жеңиш Жумашев өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев ишканага барган мезгилде билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө кытайлык «Ян» компаниясы бургулоо иштерин улантып жатышат. Былтыр келип ишти баштаган «Сань Шань Юань» Кытай компаниясы да бүгүнкү күндө биринчи скважинасын Майлуу-Сууда казып бүттү.

«Азыр өздөрү чоң инвестиция кылабыз деп, чоң-чоң техникаларын алып келип жаташат. Булардын баары менен биз стандарттык келишим түзөбүз, өзүбүзгө тиешелүү аянттардан участок бөлүп беребиз да, ошол жердеги скважиналарга орундарды бөлөбүз. Эгерде булар казып, нефти чыгарган болсо, нефтинин 30 пайызы бизге, 70 пайызы аларга калат. Алар биринчи иштеткенге кеткен акчасын кайтарып алгандан кийин, нефтинин 55 пайызын бизге берет», — деди Ж.Жумашев.

Анархан Жаңыбаева

Жалал-Абад шаары

Вам может также понравиться...