Майлуу-Сууда канализациянын суулары түз эле дарыяга кошулган учурлар бар
Майлуу-Суу шаарынын ортосунда жайгашкан №5,39, Кул-Азык канализациялык насос станциялары (КНС) ар кандай себептер менен иштебей калып, саркынды суулары түз эле Майлуу-Суу дарясына кошулган учурлары да шаарда ич-келте оорусунун көбөйүп кетүүсүнө себеп болууда.
КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын берген маалыматына караганда, учурдагы текшерүү мезгилинде да айрым кемчилдиктер толугу менен кайталанууда. Майлуу-Суу шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен шааардык суу чарба башкармачылыгынын балансында турган суу түтүкчөсү камсыз кылат.
«Бүгүнкү күндө Майлуу-Суу шаарынын калкы 22 ми 911 киши жана алардын 90 пайызы суу түтүкчө аркылуу таза ичүүчү суу менен камсыз болгон. Ал эми шаарга караштуу Көк-Таш айылында суу түтүкчөнүн жоктугунан суу элге транспорт аркылуу ташалып берилет. Шаардык Суу чарба башкармачылыгына караштуу суу түтүкчө 1947 жылдары курулган жана суу берүү кубаттуулугу бир күндө 20 м. м3-ди түзөт, ал эми суу булагы ачык жер үстүнөн же башкача айтканда суу булагы болуп Майлуу-Суу сайы болуп эсептелинет. Бардыгы болуп суу тутукчонун узундугу шаар боюнча 50, 4 км. түзөт, таза ичүүчү суу химиялык жол менен суюк хлор менен залалсыздандырылат», — дейт Г.Аширова.
Анархан Жаныбаева