Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылындагылар ичүүчү сууну дарыядан пайдаланышат

Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылында суу түтүкчөлөрүнүн жоктугунан ал жердин тургундары жыл бою ичүү жана турмуш-тиричиликтери үчүн да Майлуу-Суу дарясынын суусунан пайдаланышат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаарында 2013-жылдын ушул мезгилине чейинки катталган 16 оорулуунун 11и Көк-Таш поселогунун тургундарынын эсебинен катталган (69%). Бул жердин тургундарынын арасынан көп катталгандыгынын экинчи бир себеби ал жердин тургундары үчүн жыл бою суу ташып берүү жагы мерия тарабынан чечилбей келгендигинде. Көк-Таш поселогуна курулган суу түтүкчөсү көп жылдардан бери иштебей калган. Ал эми ал жерге суу түтүкчөсүн жаыдан куруп берүү боюнча акча каражат жагы чечилбей келүүдө.

«Бул оорунун негизги үчүнчү себеби болуп, 1992-1998-жылдары Кара-Жыгач поселогунда көчкү жүрүп, 7 км аралыктагы канализация иштен чыккан, бирок ушул мезгилге чейин кайрадан калыбына келтирилбеген. Ошол себептен Сары-Бээ поселогундагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан чыгынды суулар эч кандай тазаланбастан туруп Майлуу-Суу дарыясына кошулуп жаткандыгында. Бул маселени да чечип берүү да мезгилдин талабы деп ойлойбуз», — дейт Г.Аширова.

Анархан Жаныбаева

Вам может также понравиться...