Майлуу-Суу шаарында акыркы 10 жылдан бери ич-келте оорусу өтө кооптуу абалда

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө Майлуу-Суу шаарында жана Ноокен районуна караштуу Бүргөндү, Момбеков айылдарындагы ич-келте оорусу боюнча түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал жана ал ооруну токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча атайын отурум болуп өттү.

Өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын берген маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаары акыркы 10 жылдан бери ич-келте оорусунун катталышы боюнча эпидемиологиялык жактан өтө кооптуу болуп келүүдө жана Республика боюнча катталган баардык ич-келте оорусунун 35-40 пайызын түзөт.

«Ооругандардын социалдык шарттары боюнча айта турган болсок: мектепке чейинки балдардын арасынан – 1, окуучулардын арасынан – 7, Электр лампа заводунун жумушчулары – 2, Медициналык колледжтин студенти – 1, Эч жерде иштебегендердин арасында – 5 адам. Анализ көрсөткөндөй, негизинен оорулардын саны жай айларында көбөйгөндүгү көрүнүп турат, себеби анда жайкы мезгилде сууга көп түшкөндүгүнө байланыштуу», — дейт Г.Аширова.

Анархан Жаныбаева

Вам может также понравиться...