Сузакка көмүлгөн 1800 тоннадан ашык уулуу химикаттар жергиликтүү калктын ден соолугуна зыян алып келет
Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылдык округунун Сасык участкасында Союз маалында 1980-жылдары 1800 тоннадан ашык ар түрдүү колдонуудан алынган уулуу химикаттардын 5 түрдөн ашыгы көмүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын август айында бул жерди белгисиз адамдар мыйзамсыз казып, дус алышкан. Жалал-Абад аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын эсебинен 19 миң сом бөлүнүп, казылган жерди топурак менен жаптырышкан.
Сузак район-шаар аралык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инспекциясынын башчысы Рахман Касымовдун берген маалыматына караганда, уулуу химикаттар көмүлгөн жер убагында тосулган. Бирок, 2000-жылдардан баштап Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен өзбекистандан келип, мыйзамсыз казып алуулар 2008-жылга чейин уланган. Ал эми 2009-жылы Жалал-Абад облустук экологияны коргоо башкармалыгы тарабынан ачылган жери кайрадан жабылган. Бул жер Базар-Коргон району менен чектеш болгондуктан, 2009-жылы аталган райондун Акман айылдык округунун койлору уулуу химикат көмүлгөн жердин айланысында оттоп жүрүп, ууланып өлгөн. Анын этин союп жеген 36 адам ууланып, ооруканага жаткарылган.
«Жалал-Абад аймактык курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгы КР өКМне, облус губернаторуна кат жазып, бул уулуу заттар көмүлүп турган жерди өКМдин карамагына өткөрүп берүү боюнча кайрылып жатабыз. Бирок, биздин кайрылуудан эч кандай натыйжа чыкпай жатат. Азыр бир гана токой чарбасына карайт», — дейт Р.Касымов.
Анын айтымына караганда, Дүйнөлүк банкка долбоору өтүп, 2 млн. доллар бөлүнүп, 9 миң метр квадрат аятты ээлеген 7 траншейден турган Сасык участкасынын үстү бетондолуп жабылыш керек эле. «Бирок, бул долбоорго ээ болууну каалаган мурунку бийликтин туугандарынын кесепетинен улам, эмнегедир бул жер дале ачык бойдон калууда. Маселе дале чеччиле элек», — дейт эколог.
Уулуу химикаттар көмүлгөн жердин айланасы ачык болгондуктан, жакын айылдагы жашоочулардын мал-койлору келип оттоп жүрөт ал жерде. өткөн 2010-жылы Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылынын тургундарынын 7 кара малы жамгыр жааганда ошол жердеги көлчүктөгү сууну ичип, ууланып өлгөн. өлгөн мал ошол жерге көмүлгөн.
«Ал жерде күн ысыганда жаман жыттар чыгат. Чыгыштан Батышты көздөй, же Базар-Коргон районунун Акман айылындагы суу сактагычты көздөй айдайт. Суу сактагычтагы 19 млн. куб сууга да зыяны тиет. Эгерде ал жерге барып калсаң, көп убакыт турган зыян. Башың ооруйт, көңүлүң айлынып, өзүңдң жаман сезесин. Муну тез арада мамлекеттик деңгээлде чечпесе болбойт. Келечекте жергиликтүү калктын ден соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн», — деди Сузак район-шаар аралык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инспекциясынын башчысы Рахман Касымов.
Дүйнөлүк Банктын эксперттери Сасык участкасында атайын изилдөөсүн жүргүзүп, ал жерге барган мезгилде бир нече эркектер көмүлгөн уулуу химикалык заттарды казып жатканын учуратышкан. Алар ортомчулар тарыбанан жалданып алынышып казып жатышканын, казылып алынган уулуу химикаттар ар кайсы базарларда сатылаарын айтышкан. «Бул жерде казылып алынган уулуу химикалык заттар базарларда сатылып, айлана-чөйрөгө таркайт. Бул жергиликтүү калктын ден соолугуна жана жаратылышка коркунуч алып келет», — деп белгилешкен Дүйнөлүк Банктын эксперттери.
Ал эми Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиеванын берген маалыматына караганда, жергиликтүү тургундар тарбынан ден соолуктарына зыяны тийип жатканы боюнча ар кандай кайрылуулар келип түшөт. Бирок, текшерген мезгилде мурдагы жылдарга салыштырмалуу кескин өзгөрүүлөр болгондугу байкалбайт.
«Уулуу заттар көмүлгөн жерге жакын жашаган адамдар көбүнчө баштары ооруп, ар кандай дем алуу органдары жабыркаган ооруларга көп дуушар болуп жатышканын, ар кандай тери ооруларына чалдыгып жатышкандыгын айтышат. Текшерүү учурунда мурдагы жылдарга караганда көрсөткүчү көбөйүп кеткендиги байкала элек», — дейт Г.Маматалиева.
Анархан Жаңыбаеа
Жалал-Абад шаары