Сузак районундагы Ак-Чабыр участкасына көмүлгөн уулуу заттардын айланасы темир тор менен тосулду

1 P1220821Союз мезгилинде 1973-1980-жылдары «Киргизсельхозхимия» мөөнөтү өтүп кеткен, пайдалануудан алынган 1876,38 тонна уулуу химиялык заттарды (пестициддерди) Кочкор айылынан алыс эмес жерге, Сузак районунун Кызыл-Байрам айылы менен Ак-Чабыр участкасына көмүшкөн. Бул көмүлгөн жерлерди ал мезгилде жашыруун сыр катары эч ким билген эмес.

Жакында Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов «Экоис-Бишкек» коомдук фондунун жетекчиси Индира Жакипованы, Голландиядан келген экологиялык эксперттер Ваутер Пронк менен Метанс Баукхнетти кабыл алып, райондун Ак-Чабыр участкасына көмүлгөн уулуу заттардын айланасын темир тор менен тосуу менен кароолчу маселеси чечилгендиги боюнча маалыматтар айтылып, мындан ары ал жерди  өз калыбында кармоо багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолгушуу учурунда И.Жакипова Сузак районундагы Ак-Чабыр участкасында уулуу химиялык заттар көмүлгөн жердин айланасын тосуу иштеринин бүткөрүлгөндүгү боюнча айтып берди. Анын айтымында, бул долбоорду Кыргызстандагы Глобалдык экологиялык фонддун чакан гранттарды колдоо программасынын  финансалык колдоосу менен Грин Лайт коомдук фонду  ишке ашырды. Долбоордун аталышы: «Калкка жана айлана-чөйрөгө таасирин тийгизүүчү СОЗ «Сузак-А» пестициддердин көмүлгөн жайларын колдонууга тыюу салуу үчүн системаны жакшыртуу жана Жалал-Абад облусунун калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү» деп аталат. Бул долбоордун өнөктөштөрү: «Экоис-Бишкек» коомдук фонду, ЕККУнун (ОБСЕнин) Бишкектеги борбору, Швейцариянын жашыл крест байланыш уюму болду.

 

Эколог И.Жакипованын берген маалыматына караганда, Союз мезгилинде 1973-1980-жылдары «Киргизсельхозхимия» мөөнөтү өтүп кеткен, пайдалануудан алынган 1876,38 тонна уулуу химиялык заттарды (пестициддерди) Кочкор айылынан алыс эмес жерге, Сузак районунун Кызыл-Байрам айылы менен Ак-Чабыр участкасына көмүшкөн. Бул көмүлгөн жерлерди ал мезгилде жашыруун сыр катары эч ким билген эмес. Союз жоюлгандан кийин ээси жок болгондуктан, бул жерлер кароосуз калган. Ал эми 2002-жылы биринчи жолу Сузак районунда көмүлгөн жерлерди мыйзамсыз казуу фактылары болуп, анын кесепетинен, малдар өлүп, адамдар ууланган. Малдардын ууланганы боюнча үч кылмыш ичи ачылганы менен күнөөлүү адамдар кармалбагандыктан, ал иштер убактылуу токтоп калган.

 

«Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги 2009-жылы Ак-Чабыр участкасынын айланасын тосуу боюнча 8 млн. долларга долбоор жазышып, Дүйнөлүк Банкка өткөрүшкөн. Анан 2010-жылы иш башталайын деген мезгилде Кыргызстанда ыӊкылап болуп кетип, алар бул ишке этияттык менен мамиле жасашып, иш токтоп калган. Бирок, бул жерден жыл сайын малдын уулануусу көбөйүп, жергиликтүү тургундарга оор проблемаларды жараткан. Акыры Сузак районунун жергиликтүү бийлиги саясий эркинин күчтүүлүгү менен Эл аралык уюмдардын колдоосуна таянып, ушундай чоӊ масштабдагы иштерди чечип жатышат. Бул башка райондордун акимдерине да үлгү боло турган жумуш болду. Саясий эрк болсо, кичине күч менен чоӊ проблемаларды чечүүгө болот», — деди И.Жакипова.

 

Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедовдун берген маалыматына караганда, Ак-Чабыр участкасында 2005-жылы белгисиз адамдар тарабынан уулуу заттар көмүлгөн жерди казып алуу фактысы болгон. Ошондон кийин, бул жерде ар жылына 30-40 мал ууланып өлүп турган. Анын этин жеген жергиликтүү тургундар да ууланышып, ооруканаларга жатышкан. Министерство менен өкмөткө кат менен кайрылышса, кайра алар «жергиликтүү бийликтин күчү менен чечкиле» — деген жоопторду беришкен. Каражаттын жоктугунан бул маселени чечүү өтө оор болгондугун райондун акими жашырбайт. Маселени чечүүнүн ар кандай жолдорун издеп, акыры бул маселени Эл аралык уюмдардын колдоосу менен чечишти.

 

«Быйылкы 2013-жылы эле аталган участоктон 120га жакын кой ууланып өлдү. Жыл сайын бул жерден өлгөн койлордун жана ооруга дуушар болуп дарыланган адамдардын  каражаттарын эсептеп көрсөк, жалпысынан 3 млн. сомдон ашык зыян тартышты. Үч жолу кылмыш иши ачылып, ал аягына чыккан эмес. Эми ушул долбоорду ишке ашырган Грин Лайт КФ ыраазычылык билдиребиз. Мындан аркы иштерди жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлгө алып, ошол жерди өз калыбында сактап калабыз. Келечекте ал жердин үстүн толук  топурак менен жаап, жергиликтүү чөптөрдү ошол жерге өстүрүүгө да аракет жасайбыз», — дейт Н.Мирзахмедов.

 

Ал эми «Экоис-Бишкек» КФнун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Азиз Умарбаевдин айтымында, район борунанан 25 чакырым алыстыкта турган Ак-Чабыр участкасынын айланасын темир тор менен тосуу үчүн, бул жерге бара турган жолдордун абалы өтө оор болгон. Ошол себептен, 3 чакырымга жакын жолду тегиздөөгө туура келип, КАМаз машиналар менен 3-5 саат дегенде араӊдан зорго курулуш материалдарын ташып жеткиришкен. «Мына эми уулуу зат көмүлгөн жердин айланасы казылып, темир тор менен тосулду. Ал жер Кара-Алма токой чарабынын аймагында тургандыктан, токой чарба Кадыр Узаков деген деген кишишиге 13 гектар жерин бекер пайдалануу үчүн ижарга берди. Ал өткөн жылы ижарага алган жерине бадам отургузган. К.Узаков өз каалоосу менен биз салып берген кичине тамда аялы бир баласы менен жашап, уулуу зат көмүлгөн жерди кайтарып турат. Келээрки жылы айлык маянасын да токой чарба чечип беребиз деп жатышат», — дейт А.Умарбаев.

 

Грин Лайт коомдук фонду  Ак-Чабыр участкасынын айланасын тосууга, кароолчу үчүн бир бөлмө тургузууга 26 миӊ доллар сарпташкан. Ал эми бул долбоордун экинчи этабында жергиликтүү калкты уулуу заттар көмүлгөн жер жөнүндө окутуу менен маалыматтык компания жүргүзүлөт. Ага да 24 миӊ доллар каражат жумшалмаакчы. Ушул эле күнү эколог-эксперттер Сузак районунун борборунан 35 чакырым алыстыкта турган Кызыл-Байрам айылындагы «Сузак-Б» участогуна барып, ал жердеги уулуу химикат заттар көмүлгөн жер менен жакындан таанышып чыгышты. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Арстанбек Асанов менен жолугушуу учурунда ал жердеги учурдагы оорчундуу болгон абал боюнча баарлашышты. А.Асановдун айтымында, 2009-жылы ал жердин айланасы тикенек зым менен тосулган. Жазында ачылып калган жерлерин топурак менен толтуруп, өздөрүнүн күчү менен жабышкан. Кээ бир үзүлгөн зымдарын кайрадан тосуп чыгышкан. Бул жер айылдан 2 чакырым эле алыстыкта жайгашкан.

 

Эксперттердин айтымында, «Сузак-Б» участогу тикенек зым менен тосулганы менен жамгыр жаап, кар эригенде анын суусу түз эле эл жашаган айылга түшөт экен. Бул өтө кооптуу болуп саналат. Улуу заттар көмүлгөн жерден аккан суу ошол жерде сиӊип, андан ары кетпеши үчүн мындан ары бир топ иштерди жасоо зарыл. Ал үчүн жергиликтүү бийлик Эл аралык уюмдарга өздөрүнүн сунуштары менен кайрылуусу жакшы натыйжа берет. Себеби, ал жерди кайтарган эч ким жок. Адырдын чокусунунан агып түшкөн суу туура айылга жакын жерге топтолуп калышы, ал жердеги  жашаган жергиликтүү тургундардын ден соолугуна зыянын тийгизип, малдардын уулануусуна алып келиши мүмкүн. Бир мезгилдерде бул участоктон да жергиликтүү калк мыйзамсыз казууларды жасашып, көмүлгөн жерден уулуу химикаттар салынган идиштерди алып пайдаланышкан. Кийин, ал идиштер кайрадан элден топтолуп алынып, ордуна башка идиштер берилген.

 

«Айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан «Сузак-Б» уулуу химикаттар көмүлгөн жерди жылда өзүбүздүн күч менен жыл сайын тосуп, оӊдоп жатабыз. Бул проблеманы чечүү эмес. Буга чейин, кайрылганбыз. «Сузак-А» участогунда койлор, малдар өлгөндүктөн, ал жер өтүп, биздики калып кетти. Эми биздин айыл өкмөт дотацияда турат. Бул маселени чече албайбыз. Глобалдык Экогологиялык фонддун жардамы менен гана чечпесек, биз өзүбүз бул маселени чечүүгө кудуретибиз жетпейт», — дейт А.Асанов.

 

Анархан Жаӊыбаева, Сузак району

24.10.2013-ж.

Вам может также понравиться...