‘’Биздики’’ эмес “Меники”.

Коомдо бийлик талашуу өнөкөтү, кесепети, балээси өкүм сүрүп турат. Тан берүү, женилүүнү аңдап билүү, өз аракеттеринин жоопкерчилигине маани берүү, коомго зыян алып келүүчү кубулуштарга кайдыгер карабоо ж.б.у.с. чоң эркти талап кылган касиет-маанилер экинчи катарга сүрүлүп калган. Ичкүйдүлүк, көралбастык, бузукулук, экижүздүүлүк, дүнүйөкордук, мансапкордук сындуу көз караштар сайран куруп, коомдук аң-сезимдин жакырланышына, ыдырап бузулушуна жагымдуу шарт түзүп, мамлекеттик түзүлүштүн алсыздануусуна алып келүүдө. Ушул сындуу көрүнүштөр эмне үчүн коомубузда кенири орун алууда, күндөн-күнгө күчөп барууда, тунгуюкка карай түртүүдө…

Менин оюм боюнча адамдардын коомдун элементтерине, мамлекеттин жаратылыш ресурстарына, обөектилерине, Атамекендин өзүнө болгон мамилесинде ушул кубулуштардын өзөгү жатат. Коомдун жана жаратылыштын элементтерине коомдун ар бир мүчөсү “Бул элемент (тоо, таш, токой, суу, жол, шаар, кыштак, тил, троллейбус ж.б.) биздики’’- деген түшүнүктө болгондо кайдыгерликке жол берет, бардык терс корунуштордун келип чыгышына өбөлгө түзөт. “Биздики”- деген бул “эч кимдики эмес” — дегендик.

Эч кимдики эмес болгондон кийин коомдун жана жаратылыштын бул же тигил элементтерине мамиле салкын, үстүртөн, терең кызыгуусуз болот. Ушундай жагдайдан улам коомдун жана жаратылыштын элементтерин сактоо, көбөйтүү, жакшыртуу сыяктуу иштер солгун жүргүзүлөт, же таптакыр жүргүзүлбөйт. Натыйжада жаратылыштын элементи экономикалык мааниге ээ болгондон баштап ысрапкерчилик менен пайдаланыла баштайт жана олуттуу жапа чегет. Баткен районунда элге экологиялык билимдерди таратуу максатында иштер жүрүп жергиликтүү эл менен болгон пикир алмашуу учурунда мындайча жагдайга туш болдум.

Жергиликтүү эл райондогу уникалдуу арча токойлору браконөердик иш аракеттерден улам жапа чегип жаткандыгын белгилешти. Арчанын сөңгөктөрү коңшулаш Таджикстанга эң баалуу курулуш материалдары катары сатылат. Бул ишмердүүлүк менен райондун башкы чиновниктери- райондун прокурору, милициянын башчысы, райондун соту, улуттук коопсуздук кызматынын райондук жетекчиси өтө ийгиликтүү шугулданышаарын айтышты. Бул жерде жергиликтүү эл Баткендин чыныгы ээлери, байкоочулук ролду гана аткараары белгилүү болду.

Алар бийлиги бар чиновниктердин алдында алсыз экендигин көрсөтүштү. “Эмне үчүн мындай?” – деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Бул жердеги элдин жүрүм-турумун аныктаган мандем- “Баткендеги арча токойлору биздики”- деген алда канча начар, аморфтуу түшүнүк негизги болгондугунда. “Биздики”- дегендиктери үчүн алар байкоочулук денгээлде калышып, болуп жаткан терс көрүнүштөргө кайдыгер калышууда.

Алардын оюу боюнча бул маселени кандайдыр бир үчүнчү, күчтүү күч оң чечет. Маселенин чыныгы абалын ал күч ‘’билбейт’’, ‘’аңдабай жатат’’ дегендей түшүнүшөт. Ошол үчүнчү күчтүн өкүлү болуп жүрбөсүн деп, бизге болгон проблеманы алынын жетишинче түшүндүрүүгө далалаттанышты жана бул аракеттерине ыраазы болушуп, мындан аркысын чечүүгө өздөрүнүн тиешеси жок экенин көрсөтүштү.

Бул “Биздики’’ — деген түшүнүктүн жемиши болчу. Аларда “Меники” — дегендей ой таптакыр жок. Эгерде “бул арча токойлору менин ата-бабаларымдан калган мурас”, ‘’ мен жашап жаткан чөлкөмдүн экологиялык жагдайынын жагымдуу болушун камсыз кылып туруучу эң негизги элемент’’, “менден кийинки бала-чакамдын ырыскысы”, б.а “арча токойлору меники”- деген түшүнүк негиз болгондо, анда жергиликтүү элдин браконөерлердин иш аракеттерине болгон мамилеси таптакыр башкача болмок.

Алар пассивдүү байкоочулардын гана ролун аткарып кала беришмек эмес. Браконөерлерге каршы активдүү күрөш алып барышмак, бул күрөштүн усул-ыкмаларын өркүндөтүшмөк жана өздөрүнө тиешелүү жаратылыш ресурстарынын үнөмдүү пайдаланышына жана ишенимдүү корголушуна жетишишмек. Ушул жагдайларды эсепке алып караганда Мекенди сүйүү, Атажурттун патриоту, коомдук жайларды жана кооз жаратылышыбызды коргоодо активдүү жана конструктивдүү болуу үчүн элибиздеги борпоң, так эмес кунарсыз “Биздики” -деген түшүнүктү жок кылып, так, даана бирдиктүү, жемиштүү, энергиялуу, активдүү “Меники” -деген түшүнүккө өтүүбүз орундуу экендигине ишенем.

‘’Биздики’’-деген түшүнүк акыр түбү барып бакмалык, пайдаланылуучулук, кайдыгердик психологияны түптөөгө негиз болуп, мажирөө инсандардын калыптанышына жагымдуу шарт түзөт. Ал эми ‘’меники’’ деген түшүнүктү туу туткан инсанда жаратуучулук, асырап-өркүндөтүүчүлүк, ээлик кылуучулук сыяктуу касиеттер калыптанат. Алар өз кезегинде мекендин чыныгы патриоттору болуп чыга келишет.

“Менин Кыргызстаным” “Менин Ошум” “Менин тилим” “Менин Кыргыз элим” “Менин жолдорум” ж.б.у.с. түшүнүктөрдү элибиздин, өнүп келе жаткан муундун аң сезимине киргизүү, бекемдөө жана өнүктүрүү аркылуу келечекте сезими тунук, сергек жана мекенин сүйгөн, чыныгы патриот инсандарды тарбиялап, калыптандыруу аркылуу экономикалык жактан бакубат, экологиялык жактан жагымдуу, руханий дүйнөсү кең жана терең Кыргызстан мамлекетин курушубуз керек!

“Экологиялык тилектештик” коомдук фондунун (Эко-солидарность) төрагасы:

Коланов Орунбек.

Вам может также понравиться...