Конкурс мини-грантов «Шааркана»

Если вы хотите быть полезными своему городу и продвигать новые идеи и практические инициативы, то Институт Развития Молодежи принимает ваши заявки, направленные на решение проблем устойчивого городского развития (экология, общественная безопасность и т.д.), формирование общественного дискурса по актуальным проблемам, создание общественных пространств, развитие безопасной, комфортной и доступной городской среды, а также формирование и усиление социального капитала местных сообществ.

Мы ждём от вас креативные решения с применением новых подходов, социальных инноваций, инструментов искусства и культуры или современных цифровых технологий.
Участвовать могут абсолютно ВСЕ желающие: общественные организации, неформальные объединения, активные граждане, профессиональные и местные сообщества, эксперты и студенты.
Что нужно иметь в виду при заполнении заявки?
Проект должен иметь ясно сформулированную проблему вашего города (района/двора), которую вы собираетесь решать, а также содержать четкую измеряемую цель, конкретные задачи с описанием механизмов и подходов для их решения и ожидаемые результаты.
Приоритет отдается проектам, привлекающим к сотрудничеству разные местные сообщества и другие неформальные группы.
Бюджет проекта не должен превышать 2 тысяч долларов США (в исключительных случаях бюджет может быть увеличен).
Не поддерживаются:
• Покупка авиабилетов или оплата за участие в конференциях, семинарах, тренингах, и т.д.;
• Заработная плата исполнителей проекта;
• Закуп оборудования (только если это не специфическое профессиональное оборудование, без которого ну никак не провести ваше мероприятие или реализовать идею).
Прием заявок осуществляется до 31 января 2020 г. по электронной почте grant@jashtar.org
Документы необходимые для подачи заявки:
• Форма заявки и бюджет (http://bit.ly/2Ivb8Cf);
• Резюме заявителя (для отдельных лиц);
• Информация об организации (для организаций, объединений, групп).
По всем вопросам просим обращаться по электронной почте nmamasadykova@jashtar.org или по телефону: 0706012343/0770888525
Контактные лица: Назик Мамасадыкова и Амангелди Джумабаев, координатор программы «Гражданское участие» Фонда «Сорос-Кыргызстан» (0778750860).
Также вы можете обращаться к нашим партнерским организациям за консультацией по вопросам заполнения заявки, ниже их контакты:
г. Нарын: KulturCafe, Нургуль Абдыкеримова (0702060620);
г. Каракол: ОО «Улукман-Дарыгер», Айдай Алымова (0556335995);
г. Ош: «Coworking Next Osh», Арстан (0755751575) / Өмүркан (0704 957 577);
г.Талас: ОО ЦРГИ «Айкол» Гульмира Темирбекова (0772278228).
Конечно, мы любим и оригинальность, поэтому, если вы хотите, чтобы идею ЗАМЕТИЛИ, то можете сделать видео-описание своей идеи и обязательно отметить хэштеги: #Шааркана(город) #urbanlabskg
————-
Конкурс реализуется в рамках проекта «Городские лаборатории» ОО «Институт развития молодежи», поддерживаемого Фондом «Сорос-Кыргызстан».

 

 

===================================================

 

«Шааркана» кичи-гранттар сынагы
Сумма: 2000 доллар
Дедлайн: 31 январь

Эгерде сиз өзүңуз жашаган шаарга пайда келтирүңүз келсе, анда биз сизден жаңы долбоорлорду күтөбүз.
Эң негизгиси сиздин демилгелериңиз төмөнкүлөрдү камтып кетиш керек. Шаардын туруктуу өнүгүүсүндөгү (табият, коомдук коопсуздук ж.б.у.с.) көйгөйлөрдү чечүү, актуалдуу маселелер боюнча коомдук дискурсту калыптандыруу, коомдук мейкиндикти жаратуу, коопсуз, ыңгайлуу шаардык чөйрөнү өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын коомдук капиталын түзүү жана аны бекемдөө.

Жаңы ыкмаларды, социалдык инновацияларды, маданияттын куралдарын жана азыркы санариптик технологияларды колдонуу менен бирге креативдүү чечимдерди көрсөткөн сунуштарды күтөбүз.

БАРДЫГЫ катыша алат: коомдук организациялар, бейөкмөт уюмдар, расмий эмес бирикмелер, жигердүү жарандар, кесиптик жана жергиликтүү жамааттар, студенттер, илим изилдөөчүлөр.

✅ Заявкаларды толтурууда эмнени эске алуу керек?

— Долбоордо сиз жашаган шаардагы (райондогу, короодогу) чечүүчү көйгөйдү так жана даана көрсөтүшү керек, андан тышкары сүрөттөлгөн механизмдери жана ыкмалары менен биргеликте ченемдүү максаттар, конкреттүү милдеттер жана күтүлгөн жыйынтыктар камтылышы керек.
— Расмий эмес бирикмелерди жана жергиликтүү жамааттарды ишке тарткан долбоорлорго артыкчылык берилет.
— Долбоордун бюджети 2 миң АКШ долларды түзөт (өзгөчө учурларда, бюджеттин көбөйтүлүшү мүмкүн)

❌ Төмөнкүлөр колдоого алынбайт:

• Учак билеттер, конференция, семинар, тренингге катышуу үчүн акы;
• Долбоордун аткаруучуларынын айлык акысы;
• Жабдыктары сатып алуу(эгер ал атайын профессионалдык жабдык болуп, ансыз идея ишке ашпаса же иш-чара өтүлбөсө гана).

📍 Заявкалар 2020-жылдын 31-январына чейин grant@jashtar.org электрондук адресине кабыл алынат.

Заявкалар тапшыруу үчүн керектүү документтер:

• Заявканын формасы жана бюджет (шилтеме — http://bit.ly/2Ivb8Cf);
• Заявканы тапшыруучунун резюме (өз алдынча тапшыргандар үчүн);
• Уюм тууралуу маалымат (уюмдар, бирикмелер, топтор үчүн).

📲 Бардык суроолор боюнча nmamasadykova@jashtar.org электрондук почтасы же 0706012343, 0770888525 телефондору аркылуу Назик Мамасадыковага жана 0778750860 аркылуу Амангелди Джумабаевка кайрылсаңыздар болот.

🤗 Андан сырткары кошумча консультация жана заявкаларды толтуруудагы суроолор боюнча биздин кызматташ уюмдарга кайрылсаңыздар болот, төмөндө алар менен байланышуу жолдору:

— Нарын шаары: KulturCafe, Нургуль Абдыкеримова 0702060620
— Каракол шаары: ОО «Улукман-Дарыгер», Айдай Алымова 0556335995
— Ош шаары: Coworking Next Osh, Арстан 0755751575, Өмүркан 0704 957 577
— Талас шаары: ОО ЦРГИ «Айкол» Гульмира Темирбекова 0772278228

Албетте, биз оригиналдуулукту жактырабыз, андыктан, эгер сиздин идеяңызды КӨРСҮН десеңиз, аны сүрөттөгөн видеобаян тартып, сөзсүз түрдө хэштег коюп коюңуз:
#Шааркана #urbanlabskg
________________________________________

Сынак “Жаштарды Өнүктүрүү Институту” коомдук фондунун “Шаардык лабораторялар” долбоорунун негизинде “Сорос-Кыргызстан” Фондунун каржылоосу менен өтүүдө Фонд «Сорос-Кыргызстан»

Рассылка connect4kg

Вам может также понравиться...