Кыргызстандын 6 облусундагы 700дөй мектеп окуучусу климаттын өзгөрүүсү жөнүндө талкууга катышты

БУУнун Өнүктүрүү программасы «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» уюму менен биргеликте «Жаштар кербенин» Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өткөрдү. Кербендин максаты — жаштардын климаттын өзгөрүүсүнүн таасири тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды аракетке чакыруу, ошондой эле гендердик стереотиптер жана жаштар үчүн санариптик жөндөмдөр тууралуу маалымат берүү. “Жаштар кербенинин” акыркы чекити болуп Талас облусунун Кара-Буура району болмокчу. . Жаштар кербенине жалпысынан 700го жакын 9-10-11-класстардын окуучулары катышты.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жардамы менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Ч. Айтматов, Нарын облусунун Кочкор айылындагы и.Арабаев, Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы А.С.Макаренко, Баткен облусунун Исфана шаарынын Ю.Гагарин, Ош облусунун Чек-Абада айылындагы Т.Исмаилов, Нариман айылындагы Т.Сулайманов, Жалал-Абад облусунун Сузак айылындагы №90 Манас жана Базар-Коргон шаарындагы О.Атабекова орто мектептеринде уюштурулду

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси Эркинбек Касыбеков төмөндөгүлөрдү айтты: “Климаттын өзгөрүшү Кыргызстан үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн өзгөчө кырдаалды жаратууда. Учурда Кыргызстан Париж келишимине ылайык 2030 -жылга чейин глобалдык температураны 1,5 градуска чейин сактоону убада кылууда. Бул убадага жетүү үчүн бардык тараптар, айрыкча жаштар, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар жана жеке компаниялар биргелешип иштеши керек».

Иш-чаралар БУУӨПтүн колдоосу менен ачылган жаштар борборлорунда жана мектептерде өттү. Окутулган катышуучулар келечекте өз тажрыйбалары менен теңтуштары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу күтүлүүдө.

“Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн” Коомдук уюмунун Аткаруучу директору Омар Даиров мындай деди: «Жаштар кербени — кичинекей кыргызстандыктардын кызыгуу менен күйүп турган көздөрү, алар энтузиазм менен угушат жана азыркы коомдун глобалдык экологиялык жана гендердик проблемаларын талкуулашат. Биз кербен улуттук популярдуулукка ээ болот жана жыл сайын жаш башталгыч изилдөөчүлөр кербенге кошулуп, жаш жана билимге умтулган мектеп окуучуларына заманбап коомдун көйгөйлөрү жөнүндө айтып, аларды чечүүнүн биргелешкен жолун табат деп терең ишенебиз».

Мындан тышкары, тренингдик иш-чаралардын жыйынтыгында уюштуруучулар бардык аймактардан келген катышуучулар мындан ары маалымат алмашуу жана теңтуштар боюнча билим берүү тармагын түзүү үчүн чогула турган аянтча түзүүнү пландап жатышат.

«Жаштар кербенинин» акыркы бөлүгү Талас облусунун Кара-Буура айылында ноябрдын экинчи жарымында өтмөкчү.

Кызыкдар тараптар катышуу үчүн алдын ала 0775767605 номерине чалышы керек. Уюштуруучулар жол кирени уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырышат.

Медиа байланыштар
Чынтемир Калбаев
БУУӨПтүн байланыш боюнча жардамчысы
+996775767605
chyntemir.kalbaev@undp.org

Вам может также понравиться...