Терек-Сайлыктардын талабы менен Иштамберди рудниги өз ишин убактылуу токтотту
Экологические новости Джалал-Абада от Анархан Жаныбаевой (Информация с мест событий о сложной ситуации на месторождении Терек-Сай и экологических нарушениях).
Чаткал районунун Терек-Сай шаарчалык округунун тургундары Иштамберди руднигин иштетип жаткан Кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын ишине каршы болушуп, 17-18-август күндөрү жолду тосушуп, компанияга тиешелүү автоунааларды өткөрбөй турушкан. Ал эми 18-август күнү жергиликтүү тургундардын аталган кен руднигине барып «Кытайлык компания ишин токтотуп чыгып кетсин!» — деген талабынын негизинде компаниянын вице-президенти Чен мырза үй-бүлөсү менен бирге өзүнүн коопсуздугун сактап ал жерден убактылуу чыгып кетти. Аталган компания өз ишин комиссия иликтеп чыкканга чейин токтотуп турууга аргасыз болду.
Жалал-Абад облусунун губернатору Азизбек Турсунбаев баштаган бир катар облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери 18-август күнү Чаткал районуна болгон иш сапарында алгач эки күндөн бери жол тосуп турушкан Терек-Сай шаарчалык округунун Горняк-2 участкасынын 100гө жакын тургундары менен жолугушуп, алардын койгон талаптарын угушту. Нааразылык акциясынын катышуучусу Курбаналы Ахмадалиевдин Терек-Сай шаарчалык округунун тургундарынын атынан КР өкмөтүнө төмөндөгүдөй талаптарды окуп берди: (далее…)





