Шааркана Ош: Оштогу абанын булганышы жана анын зыяны жөнүндө талкуу өтөт

8-декабрьда Ош шаарында абанын булганышы жана анын натыйжасы, ден-соолука зыяны боюнча талкуу өтөт. Иш-чара «МувГрин» коомдук экокыймылы жана «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.

Талкууга Оштун мэриясынын, тиешелүү муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүн жана горкенештин депутаттарынын катышуусу күтүлүүдө. Талкуу учурунда шаардын тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө суроолорун жана сунуштарын бере алышат.

“МувГрин” уюмунун эколог адиси Каныкей Кадырова Оштогу абанын сапаты боюнча маалымат берет жана смог менен күрөшүүдө Бишкектин тажрыйбасы жөнүндө айтып берет.

Ыш (смог) баш ооруга алып келет жана иммунитетти азайтат. Жүрөк-кан тамыр ооруларын (артериялык гипертония, вегетативдик дистония, ангина) жана дем алуу органдарынын оорулары (астма, бронхит, эмития) пайда болот. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына таянсак, 2017-2019-жылдары респиратордук ооруларды өлкөдө өсүшү байкалып жатат.

“МувГрин” коомдук кыймылынын абанын булганышын көзмөмөлдөө сенсорлорунун маалыматына ылайык, Ош шаарынын тургундары күзгү сезондо сентябрь айында гана ден-соолукка зыян келтирбеген аба менен дем алышкан. Ал эми октябрь айында РМ2.5 көрсөткүчтөрү, республикада уруксат берилген максималдуу концентрация (ПДК = 35 мкг/м3) 3 эсе ашканын көрсөттү. Ноябрь айында РМ2.5 көрсөткүчтөрү  5,2 эсе көп көрсөтүп, Ош шаарынын тургундары ден-соолугуна зыяндуу аба менен дем алышкан.

PM2.5 жана PM10 бөлүкчөлөр — суюк тамчылар, кичинекей күл бөлүкчөлөр, чаң жана башка заттар. Салмагы аз болгондуктан, алар жерге түшпөй абада калышат. Бөлүкчөлөр өпкөгө, кан агымына, ал тургай мээге терең кирип кетет. Балдар эң алсыз топ болуп саналат, алардын кичиреек салмагы жана бою үчүн.

Суроолор боюнча байланышуу:

— Камила Алыкулова, «Youth of Osh» уюмунун PR-менеджери 0556 488 800;

— Нуржан Чунуева, «МувНрин» уюмунун PR-менеджери 0558 012 355.

Вам может также понравиться...