«ЖАШЫЛ ОЙ-ЮНОСТЬ» Республикалык экологиялык лагердин чегинде окуучулар арасындагы жаш экологдордун жайкы практикалык мектебине катышуу сынагы жөнүндө:

Катышуучулар:
Бул окууларга Кыргызстандын 14-18 жаштагы экоактивисттери, мектептеп окуучулары, опека системасындагы мекемелердин тарбиялануучулары, кесиптик-техникалык лицейлердин окуучулары катыша алышат.Катышуучулардын экологиялык акцияларга, экоклуб, экокружокторго ж.б. катышкан тажрыйбалары болушу керек
logo_Жашыл ой
Экомектепти өткөрүүнүн тартиби:
Экомектеп Бишкеке шаарында 2014 –жылдын 7-июнунан 14-июнга чейин өткөрүлөт.
Катышуу үчүн Катышуу арызын 2014-жылдын 31-майынын саат 17.00-на чейин e-mail: zhashyl.oi@gmail.com «Жашыл ой- юность_фамилия_область» темасына белги менен жөнөтүңүздөр.
Экомектептин жумушуна катышуу үчүн катышуучунун ден соолугунун жакшы экендигин тастыктаген тактама болушу зарыл. Жалаң гана тандалып алынган талапкерлер Экомектепке катышууга чакырылат. Тандалган талапкерлерге 2014-жылдын 3-июнуна саат 18.00-го чейин кабарланат.

Экомектептин иштеринин негизги багыттары:
• Катышуучулар үчүн төмөндөгү темалар боюнча билим берүүчү сессияларды өткөрүү: экокоопсуздук, суу жана тазалык, тиричилик химиясы, урбанизацияланган булгануулар, тамак коопсуздугу, “баамдалган сатып алуулар” жана экологиялык маркировкалар, алгачкы медициналык жардам жана аптечка, өзгөчө кырдаалдарга өзүнүн мамилесин көрсөтүү, биоиндикация, сергек жашоонун негиздери, “жашыл” (эко) шаарлар, жашылдандыруу, “жашыл” экономика: катуу тиричилик таштандыларын башкаруу(КТТ), энергонатыйжалуулук ж.б.
• Катышуучулар менен туристтик жүрүштөрдү өткөрүү.
• Чыгармачылык жана маданий иш-чараларды, эко оюндарды, мастер-класстарды өткөрүү, катышуучулар менен тематикалык фильмдерди көрүүлөрдү уюштуруу.
• Катышуучулар арасында тажрыйба жана көндүмдөрдү алмашуу
• Спорттук-денени чыңдоочу иш-чараларды ж.б.өткөрүү.

Жумушчу тил – кыргыз, орус.

Тамактанууну жана жайгашууну уюштуруу
Уюштуруучулар төмөндөгү чыгашаларды көтөрүшөт:
• Экомектептин жумушундагы убакыт ичинде катышуучуларды тамактандырууну (3 жолку тамактануу) Сырттан келген катышуучулар үчүн;
• Жашап турууну;
• Бишкек шаарына чейинки жана кайра кайтууга кеткен жол каражатын (ылайык келген финансылык документтери көрсөтүлсө)

Сынактык тандоого катышуунун шарттары боюнча консультацияларды төмөндөгүлөрдөн алсаңыздар болот:
(0312) 88 05 24, (0770) 04 16 16

Вам может также понравиться...