«Дан азыктарыннын бтндгн, азыктуулугуна жетиш керек»
Кыргызстан агрардык өлкө экендигинде эч кандай талаш жок. Жерди, малды сүйгөн кыргыз дыйканы жана малчысы бүгүнкү күндө да өзүнүн дыйканчылыгын, мал чарбалуулугун жоготкон жок. Тескерисинче алар өзүлөрүн гана эмес элди да багып келе жатат.
Өлкөдө түзүлгөн социалдык- экономикалык шарттар айыл чарбасында да өзүнүн корректировкаларын киргизди. Натыйжада жалпы коллективдүү чарбадан жеке мүнөздөгү дыйкан чарбалары, фермердик чарбалар пайда болду. Жердин, малдын асылдуулугун арттыруу боюнча дыйкан жана малчы өз камын көрө алат. Маселен койлордун, уйлардын котур, шарп ооруларын дарылоо үчүн же картошкага жармашкан коларада коңузуна чара көрүүдө анча кыйналбай эле дары таап алышат. (далее…)





