Чаткалдагы «Эвентус» ЖЧК ишканасынын ишин тиешелүү органдар текшерип чыгат
Ала-Бука-Чаткал автожолун бойлой дарыянын жээгинен экологияны сактабай алтын казган «Эвентус» ЖЧК ишканасынын ишин карап чыгуу үчүн КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы О.Артыкбаев менен КР өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси И.Чунуевке КР өкмөт башчысы атайын тапшырма берди.
КР өкмөт башчысынын пресс-катчысы Мелис Эржигитовдун берген маалыматына караганда, «мындан ары мындай жол менен алтын казганга болбойт. Бул компаниялар алтынды алып кетип жатышат. Бирок, биздин жолубуз, жаратылышбыз зыянга учурап жатат» — деп КР өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев өзүнүн тынчсыздануусун билдирген. (далее…)





