Майлуу-Сууда канализациянын суулары түз эле дарыяга кошулган учурлар бар
Майлуу-Суу шаарынын ортосунда жайгашкан №5,39, Кул-Азык канализациялык насос станциялары (КНС) ар кандай себептер менен иштебей калып, саркынды суулары түз эле Майлуу-Суу дарясына кошулган учурлары да шаарда ич-келте оорусунун көбөйүп кетүүсүнө себеп болууда.
КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын берген маалыматына караганда, учурдагы текшерүү мезгилинде да айрым кемчилдиктер толугу менен кайталанууда. Майлуу-Суу шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен шааардык суу чарба башкармачылыгынын балансында турган суу түтүкчөсү камсыз кылат. (далее…)





