Кыргызстандын 6 облусундагы 700дөй мектеп окуучусу климаттын өзгөрүүсү жөнүндө талкууга катышты
БУУнун Өнүктүрүү программасы «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» уюму менен биргеликте «Жаштар кербенин» Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында өткөрдү. Кербендин максаты — жаштардын климаттын өзгөрүүсүнүн таасири тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды аракетке чакыруу, ошондой эле гендердик стереотиптер жана жаштар үчүн санариптик жөндөмдөр тууралуу маалымат берүү. “Жаштар кербенинин” акыркы чекити болуп Талас облусунун Кара-Буура району болмокчу. . Жаштар кербенине жалпысынан 700го жакын 9-10-11-класстардын окуучулары катышты. (далее…)