МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУУ МААНИЛҮҮ
Жер астындагы кен байлыктарыбызды иштетүү өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң өбөлгө. Албетте, аны туура иштетип, жаратылышыбызга элибизге тескери таасирин тийгизбеш үчүн тийиштүү жагдайларын туура пайдаланышса. Негизинен тоо-кен байытуучу комбинаттарда рудалардын концентраттарын алышып, ал эми кайра иштетилген калдыктарын сактоочу жайларга (хвостохранилище) жайгаштырышат. Мамлекеттик тоо-кен өнөр жайынын калдыктарынын кадастрына ылайык өлкөдө 92 калдык сактоочу объектерде 457 млн тонна радиоактивдүү жана уулуу заттар сакталып турат экен. (далее…)





