ИЧИЛУУЧУ СУУ – АЛТЫНДАН ДА КЫМБАТ!!!
2007-жылдын 15-августунда Ош шаарынын Орхус маалыматтык борборунда «Экологиялык өнүгүү» коомдук фонду «Ош шаарында ичүүчү сууну сарамжал пайдалануу көйгөйлөрү» деген темада тегерек стол өткөрдү. Тегерек столдун максаты-Суу ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча Эл менен кандай иш алып баруу туурасында бир пикирге келүү болуп саналат. Бул жыйналыш Голландиялык Мильеконтакт уюму тарабынан каржыланып, ага Ош шаардык мэриясынын аймактык кеңештер боюнча башкы адиси-Боромбаева А.Э., Ош суу чарба башкармасынын башкы инженери-Осмонов О.С., областык бассейиндик суу чарба башкармасынын башкы адиси-Степанов Р.Р., Ош аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасынын сектор башчысы-Бойко Г.А. «Табият-Түштүк», «Экооклуб Ак-Буура», «Экотилектештик», «Сеңир», «Данакер» экологиялык коомдук фонддорунун мүчөлөрү, аймактык кеңеш башчылары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. (далее…)





