Шааркана Ош: Оштогу абанын булганышы жана анын зыяны жөнүндө талкуу өтөт
8-декабрьда Ош шаарында абанын булганышы жана анын натыйжасы, ден-соолука зыяны боюнча талкуу өтөт. Иш-чара «МувГрин» коомдук экокыймылы жана «Youth of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.
Талкууга Оштун мэриясынын, тиешелүү муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүн жана горкенештин депутаттарынын катышуусу күтүлүүдө. Талкуу учурунда шаардын тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө суроолорун жана сунуштарын бере алышат.
“МувГрин” уюмунун эколог адиси Каныкей Кадырова Оштогу абанын сапаты боюнча маалымат берет жана смог менен күрөшүүдө Бишкектин тажрыйбасы жөнүндө айтып берет. (далее…)











