«Фауна жана Флора» уюму Нарында
2006-жылдын 27 август куну «Фауна жана Флора Интернациональ» (Великобритания) уюму Нарын шаарында семинар откорду. Семинарга Акталаа, Атбашы, Кочкор жана Нарын райондорунун, Нарын шаарынын аталган уюм менен айлана-чойрону, биотурдуулукту коргоо, сактоо жана туруктуу онуктуруу, кол онорчулук жана башка жакырчылыкты четтетуу боюнча бирге иш алып барышкан граждандык коомдун мучолору катышты.
Семинарды «Фауна жана Флора» уюмунун кызматкери Сюзана ачып, семинардын максаты жана милдеттери тууралуу кенири токтолду. Андан кийин семинардын катышуучулары- коомдук уюмдар озулору иштеп чыккан жана ишке ашырып жаткан долбоорлору жонундо баяндама беришти.Алсак, Нарын районун Жамбулак, Учкун жана Куланак аыйлдарындагы «Пир-Соломон», «Базген» жана «Аймери» коомдук уюмдары «Токойду сактап калалы» долбоору, Жергетал жана Кызыл жылдыз айылдарындагы «Бир калпак», «Чагалдак» жана «Коомду коргоо борбору» коомдук уюмдары «Табиятты таануу жана сактоо» долбоору, Акталаа районунун Баетов жана Угут айылдарында «Жакшы жашоо», «Угутстан» жана «Эл багар» коомдук уюмдары «Жемиш бактары» долбоору боюнча ар кандай бак дарактардын кочотторун остурушуп, айыл калкына бекер таратып берип жатышат. (далее…)





