“Кыргызстанда элик менен кийиктерди көбөйтүү керек”, — мергенчилер коомунун адиси
Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коому Союз мезгилинде 1959-жылы түзүлгөн. Коомдун негизги максаты – жаратылышты коргоо, жаныбарларды көбөйтүү болуп саналат. Бул тууралуу аталган коомдун адиси Рашид Сулайманов Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, коомдун жетекчилеринин демилгеси менен өкмөттүн өкүлчүлүгүндө мергенчилик боюнча тегерек стол өткөрүлүп, атайын иш-чара кабыл алышкан. Бул коом мамлекеттик эмес, мергенчи жарандардын башын бириктирген, мыйзам чегинде иштеген коом. Коомдун негизги максаты – жаратылышты коргоо, жан-жаныбарларды көбөйтүү, браконьерлерди кармоо, мергенчилерге шарт түзүп берүү. Алар келечекте токойлордо чөптөрдү даярдап, жапайы жаныбарларды кышында багып, канаттууларга жем чачууну көздөп жатышат. (далее…)







