Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталып, 3 млн. 237 миң сомдук доо коюлган
О ситуации с горнорудными компаниями в Джалал-Абадской области от Анархан Жаныбаевой
Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасы 2011-жылга карата бекитилген иш планга ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагындагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылып, мамлекеттин экология жаатындагы саясатын ишке ашырып келди. өткөн жылдын аралыгында 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталып, 3 млн. 237миң 140 сом доо коюлган. Бул туурасында аталган башкармалыктын жетекчиси Рысбек Акеншаев билдирди.
Анын айтымына караганда, коюлган доонун ичинен 341и жаратылышка келтирилген зыяндан 2 млн. 930 миң 737 сом өндүрүлгөн. Ал эми коюлган суммага карата өндүрүү пайызы 91 пайызды түзгөн. өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу коюлган сумма 145 пайыз, өндүрүү 181 болгон.
«Жаратылышка келтирилген зыян негизинен жер ресуртары боюнча 2 млн. 139 миң 295 сомго 163 доо жана өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча 1 млн.35 миң 202 сомго 162 доо коюлган. Мындан сырткары, калдыктар боюнча 28 миң сомго 31 доо, балык запастары боюнча 22 миң 204 сомго 28 доо, жаныбарлар дүйнөсү боюнча 12 миң 439 сомго 8 доо коюлган. Башкармалык боюнча жыл ичинде 76 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Анын ичинен өткөн жылы берилгендери менен биригип 50 материал боюнча оң чечимдер кабыл алынган, калгандары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Сот органдарына 24 материал өткөрүлүп берилди жана өткөн жылы берилгендери менен кошулуп 13 материал боюнча оң чечимдер чыкты», — дейт Р.Акеншаев.