КАЛКЫМА КЫЙЫН КЕЗИНДЕ, КАРЫШКЫР КЫШ МЕЗГИЛДЕ…
Элибиздин бүгүн күндөгү бирден – бир таянаар киреше булагы – мал чарбачылык экенин эч ким тана албайт. Мына ошол калктын маңдай тери, ак эмгеги менен багылып жатакан мээнетин аёосуз түрдө кыруу менен ар түн сайын зыянга учуратып жаткан карышкырлардын саны көбөйүп кеткендиги айтылууда. Ооба, карышкырлардын таптакыр эле жок болуусу да өзүнчө маселени туудурат. А бирок, тескерисинче алардын санынын көп болгондугу бүгүн күндө маанилүү көйгөйдү жаратып жатпайбы. Бул маселени жакындан билүү максатында алыскы Ат-башы районундагы Ак-муз айылынын тургундары менен баарлашууну тура көрүп, Жаныш уулу Байжан аттуу «Жырткыч жаныбарларга каршы күрөшүү» кызматынын өкүлү менен маектештим. (далее…)






