Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылындагылар ичүүчү сууну дарыядан пайдаланышат
Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылында суу түтүкчөлөрүнүн жоктугунан ал жердин тургундары жыл бою ичүү жана турмуш-тиричиликтери үчүн да Майлуу-Суу дарясынын суусунан пайдаланышат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаарында 2013-жылдын ушул мезгилине чейинки катталган 16 оорулуунун 11и Көк-Таш поселогунун тургундарынын эсебинен катталган (69%). Бул жердин тургундарынын арасынан көп катталгандыгынын экинчи бир себеби ал жердин тургундары үчүн жыл бою суу ташып берүү жагы мерия тарабынан чечилбей келгендигинде. Көк-Таш поселогуна курулган суу түтүкчөсү көп жылдардан бери иштебей калган. Ал эми ал жерге суу түтүкчөсүн жаыдан куруп берүү боюнча акча каражат жагы чечилбей келүүдө. (далее…)






