ЖАШ КӨЧӨТ – ЭСКИ ПРОБЛЕМА
Көл кылаасында эс алуучулардын көбөйүшү экологиялык оор проблеманы жаратууда. Таман алдында тапталган токойду сактап калуунун жалгыз аргасы -этият мамиле, көчөт өстүрүүнү жайылтуу, токой аянтын кеңейтүү. Бирок да тигилген көчөттөрдүн көбү куурап, токой жылдан-жылга суюлуп баратат.
Көлдүн күңгөйүндөгү Григорьев, Семенов капчыгайларына быйыл эс алуучулар арбын келишти. Тоо-токойду өрдөгөн туристтердин көбөйүп баратышы экологиялык оор проблеманы жаратууда. Ысыккөл токой чарбасынын Григорев бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Кубат уулунун айтымында, быйылтан тарта жергиликтүү элдин жардамы менен токойду сактоо аракети көрүлө баштады. (далее…)





